Конституциялык палатанын Судьялар коллегиясы 2-декабрга Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана “Реформа” саясий партиясынын “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамын кабыл алуу” мыйзамдын жобосун текшерүү боюнча кайрылууларын кароону дайындады.
Буга чейин Конституциялык палатанын басма сөз кызматы бул иштерди кароо бир сот өндүрүшүнө бириктирилгенин билдирген.
22-октябрда Жогорку Кеңеш конституциялык реформаны ишке ашырууга байланыштуу парламенттик шайлоону 2021-жылдын 1-июнуна жылдырууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ