Жаңы Конституциянын долбоорунда орус тилинин статусу жөнүндө норма өзгөргөн жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.
“Орус тили расмий тил бойдон калды. Ооба, жаңы долбоордо орус тилинин расмий статусу жөнүндөгү норманы алып салуу зарылдыгы жөнүндө суроолор көтөрүлдү. Биз бул норманы калтырдык”, – деди Аманалиев.
“Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бардыгы бирдей экендигин жана бардыгы тигил же бул сунушту киргизип жаткандыгын белгилегим келет. “Конституциялык системанын негиздери” бөлүмүндө буга чейин 15-берене бекитилген, анда мамлекеттик тил – кыргыз тили, ал эми орус тили – расмий тил деп жазылган. Бул жаатта суроолор жок” – деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ конституциялык кеңешмеде Садирдин Төралиев жаңы долбоордо орус тилин расмий статусунан ажыратууну жана кыргыз тилин гана калтырууну сунуштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ