Menu

Сокулукта милиция кызматкерлери жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Сокулукта милиция кызматкерлери жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин, 45 жаштагы С.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну, алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Аталган жаран өз  арызында бейтааныш адамдарга чара көрүүнү суранган. Себеби, алар 2017-жылдын февраль айынын аягында Сокулук районунун “Ак-Ордо”  конушунда жайгашкан жер тилкесин анын  “Хонда” үлгүсүндөгү  унаасын 6000 долларга баалап алып, алдамчылык жол менен сатып жибергенин билдирген.

Жабыркаган адам аталган жерге турак жай куруу боюнча курулуш иштерин баштаганда, жогоруда аталган адамдар өзүнө тиешелүү эмес жер тилкесин сатып жиберишип, жалпы суммасы 6000 долларды түзгөн мүлктүк зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факт Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн  КЖБР КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык)  менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Керектүү ыкчам тергөө иш-чараларды жүргүзүү учурунда Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери  шектүү жаранды аныкташып жана кармашып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, ал 43 жаштагы С.У. аттуу жаран болуп чыккан. КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, кармалган С.У. Сокулук районундагы жер тилкелерине байланыштуу ушул сыяктуу бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Бүгүнкү күндө аталган адамга карата ушул сыяктуу 20 факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп, алар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: