Menu

Аида Салянованын инисин өлтүргөн айыпталуучулар акыркы сөздөн баш тартышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КРнын экс-башкы прокурору Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму уланды.

Айыпталуучу Эрмек Осмонкулов Бишкектеги СИЗО-1ден, ал эми Асанэмир Абыкулов УКМКнын СИЗОсунан сот залына жеткирилди.

Соттук отурумга төрагалык кылган судья Сыдыков жактоочу Икрамидин Айткулов арыз жазып, сот отурумун дагы бир күнгө жылдырууну суранганын айтты, анткени ал УКМКнын СИЗОсунда. Бирок судья белгилегендей, бүгүн айыпталуучулар акыркы сөз сүйлөшүшү керек, андан кийин өкүм чыгарылат. Демек, адвокаттын катышуусу милдеттүү эмес. Судья айыпталуучулардан акыркы сөзүн айтуусун суранды.

“Бизде мындай болот деп эч кандай оюбуз жок болчу, мен баардыгына даярмын жана макулмун. Эгер туугандарым мени кечире алышса кечирим сурайм”, – деди Абыкулов.

Белгилей кетсек, соттолуучу башын жерге салып унчукпай турду. Ошол эле учурда сот залындагы туугандары андан буйрук берген адамдын атын атап берүүсүн өтүнүштү, андан кийин алар кечирүүгө убада беришти.

Бирок Абыкулов буйрук берген адам жок экендигин айтты. Айыпталуучу Осмонкулов анын айта турган эч нерсеси жок экендигин билдирди. Андан кийин судья кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.

Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.

2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: