Menu

Конституциялык кеңешме канча убакыт иштейт?

Бөлүшүү:

Конституциялык кеңешменин иштөө мөөнөтүнө чектөө жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынында билдиришти.

“Конституциялык кеңешменин компетенциясы – ЖК депутаттары тарабынан сунуш кылынган негизги мыйзам долбоорун талкуулоо, кеңири талкуулоодон кийин мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана конституциялык түзүлүштүн негиздери боюнча сунуштарды ЖКга киргизүү. Ошого ылайык биз иштеп жатабыз. 3 секция бөлүндүк, пленардык жыйындар өтүп жатат. Ар бир укуктук ченем терең каралып жатат” – деди Конституциялык кеңешменин “Адамдын, жарандын укуктары жана эркиндиктери” бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шерипов.

“Эки жол бар: президенттик же парламенттик башкаруу болот. Бирок биз баардыгына даяр болушубуз керек. Бизге Конституциянын долбоору берилгенден кийин, биз бул долбоорду карашыбыз керек”, – деп кошумчалады Чолпон Койчуманова.

Учурда Конституциялык кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун изилдеп, талкуулап, сунуштарды киргизип жатат. Бул убакта 10-январда референдумга жаңы Конституциянын ордуна бир гана суроо (президенттик же парламенттик башкаруу формасы?) берилет деген пикирлер бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: