Menu

Трамп жеңилсе Ак үйдөн кетерин тастыктады

Бөлүшүү:

50 штаттан көрсөтүлгөн шайлоочулар коллегиясы Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенин формалдуу түрдө мойнуна алгандан кийин Дональд Трамп Ак үйдөн кетерин тастыктады.

Трамп кабарчынын суроосуна жооп берип жатып: «Албетте, муну жасайм, силер аны жакшы билесиңер. Жеңилгенимди мойнума алуу оор болот, себеби ири көз боёмочулук болгонун билебиз», – деди.

Дональд Трамп президенттик мөөнөтү бүткөн соң Ак үйдөн кетеби деген суроону америкалык басылмалар гана берип келишкен. Президент өзү эч качан бийликте каларын айткан эмес. Бирок ал азырынча жеңилгенин мойнуна алууга даяр боло элек. Анын айтымында, 14-декабрда шайлоочулар коллегиясы чогулуп, келерки президентке расмий добуштарын бергенге чейин “ар түрдүү нерсе болуп кетиши мүмкүн”. Азырынча Байден 306, Трамп 232 добуш топтоду. Шайлоодо жеңүү үчүн 270 добуш керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: