Menu

Казакстанда Жалпы улуттук социал-демкоратиялык партия парламенттик шайлоого бойкот жарыялады

Бөлүшүү:

Казакстанда өзүн оппозициялык деп атап жүргөн Жалпы улуттук социал-демкоратиялык (ЖУСД) партия 10-январга белгиленген парламенттик шайлоого бойкот жарыялоону чечти.

27-ноябрда өткөн партиянын кезексиз съездинде төрага Асхат Рахимжанов шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени менен абал өзгөрбөгөнүн айтты. «Ошол эле эрежелер, ошол эле партиялар… Буга байланыштуу алдыдагы шайлоолорго бойкот жарыялоого чакырам», — деди Рахимжанов.

Съезддин делегаттары бул сунушту колдоп, партиянын атынан талапкерлерди чыгарбоо чечимин кабыл алышты.

Рахимжанов ошондой эле шайлоого байкоо салуудан баш тартуу керектигин билдирди. Бул маселе боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

Төрага мындан тышкары Францияда жашап жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун билдирүүсүн сынга алды. Ал ноябрдын ортосунда тарапташтарына кайрылып, аларды ЖУСДнын катарына кошулууга жана алдыдагы парламенттик шайлоодо ага добуш берүүгө чакырган. Ал мындай жол менен «Нур-Отандын» жеңишин камсыздоого умтулган аткаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерин ашкерелөөгө болот деп эсептейт.

2016-жылы өткөн акыркы парламенттик шайлоодо Жалпы улуттук социал-демократиялык партия жети пайыздык босого чектен өтө алган эмес. Расмий маалыматтар боюнча партия шайлоочулардын 1,18% добушун алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: