Menu

Өзбекстанда Zo’rTV каналынын кабарчылары митингдерди чагылдырбоо боюнча эскертүү алышты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Zo’rTV каналынын аймактык кабарчыларына калктын газ жана башка көйгөйлөрүн чагылдырбоо боюнча буйрук берилгени белгилүү болду.

Бир нече журналисттин айтымында, Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги Карши шаарындагы нааразылык эфирге чыккандан кийин редакцияга эскертүү берген.

Буйрукта митингдерди чагылдырбай, зарыл болсо “нааразы болгондордун ичинен бир кишини өзүнчө бөлүп алып интервью алуу” керектиги айтылган.

11-ноябрда Карши районунда жарык жана газдын жоктугуна нааразы болгон кишилер митингге чыгып, аким менен жолуктурууну талап кылышкан. Zo’rTV каналы бул окуяны видеого тартып, “Аким менен бетме бет жолугушуу” деген материалды обого чыгарган.

Zo’rTV телеканалынын өкүлү Маруфхожа Ходжанкулов Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги алардын ишин чектеп же эскертүү бергени жөнүндө билдирүүлөрдү четке какты. Анын айтымында, “коомчулуктан түшкөн кайрылуулар иликтенип, андан соң гана эфирге” чыгат.

Буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар ушундай эле мүнөздөгү эскертүү алышканын билдиришкен. 26-27-ноябрь аралыгында Kun.uz, Gazeta.uz, Podrobno.uz и Daryo.uz редакциялары да Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директору Асаджон Ходжаевден алган эскертүү катын жарыялашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: