Menu

Суваналиев: Райымбек Матраимов бүт жерге өз кишилерин коюп алган

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына маек куруп, Мамлекеттик бажы кызматынынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду “өлкөдө мафия системасын түзүп алган” деп айыптады.

«Ак үйдө иштеген жалаң эле министр же жетекчилер эмес. Алардын орун басарлары бар, УКМКда балдары бар. Райымдын, криминалдын феномени бүт жерлерге кишилерин коюп алган. Күч түзүмдөрүнүнүн, кала берсе журналисттер алардын карамагында. Эмне үчүн мафия деген терминди колдонуп жатам? 21-кылымда Кыргызстанда мафия түзүп алган Райым болгон», – деди Суваналиев.

Ал мафия тамырлап кеткенин буга чейин дагы айтып жүргөнүн белгилеп, бирок аны менен күрөш башталган соң анын аягына чыгуусун эл мындан ары дайыма талап кыла берерин билдирди.

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон жана анын жакындарынан Суваналиевдин айыптоолору жөнүндө пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек. RFE/RL радиосунун кыргыз кызматы алардын пикирин угууга даяр экенин билдирет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп жатканын билдирген.

Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп бере турганын билдирген. 19-ноябрдагы маалыматка ылайык, Матраимов азырынча 536,2 млн. сомду мамлекетке төктү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: