Menu

Видео – Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу маалыматты жакында жарыялайбы?

Бөлүшүү:

Бүгүн. 27-ноябрда тарыхчы Кыяс Молдокасымов Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган илимий конференцияда мурда белгисиз архивдик документтерди жарыялады.

Ал Ибраим Нуракун уулуна берген маегинде бир гана президенттерге тиешелүү архивдик материалдарды гана эмес, залкар инсандарга тиешелүү маалыматтар өтө көп экенин билдирди.

Анын айтымында, анда КР президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ата-теги боюнча Алматынын архивинен алынган документтер бар. Жапаровдун ата-тегин 2014-2015-жылдары иликтегенин кошумчалады.

“Садыр Жапаровдун ата-теги жөнүндө азыр чыгарсам да, кийин чыгарсам да болбойт. Мүмкүн кийин тиешелүү учуру болсо чыгарармын” – деди ал.

“Садыр Жапаров түрмөдө отурган мезгилде, акыйкат деп жүргөн мезгилде аны мен колдогом. Азыр деле колдой турганымды билдирип чыгарып койсо болот” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: