Menu

Аргентинада Марадонанын өлүмү боюнча иликтөө башталды

Бөлүшүү:

Аргентинада Диего Марадонанын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр Диего Марадонаны тейлеген медициналык кызматкерлердин аракеттеринде шалаакылык бар же жоктугун  текшерүүгө ниеттенүүдө. Бийликтин күмөн саноосу медайымдын иш-аракеттери жараткан, ал мурдагы футболчуга эрте менен дары бериши керек болчу, бирок ал каза болгон күнү эрте менен ойготкон эмес. Натыйжада, ал спортчунун бөлмөсүнө таңкы саат 11лер чамасында психолог жана психиатр менен гана кирген.

26-ноябрь күнү Марадонанын адвокаты Матиас Морла тез жардам кызматынын дарыгерлерин кылмыш ишине шалаакы мамиле жасады деп айыптады. Анын айтымында, медиктер оюнчуга 30 мүнөттө  барышкан.

Марадона 25-ноябрда 60 жашында көз жумган. Экспертизанын алдын-ала маалыматы боюнча, анын өлүмүнүн себеби курч жүрөк кемтиги болгон. Марадона футболчу катары “Барселона”, “Наполи” жана “Ньюеллс Олд Бойз” клубдарында ойногон оюндары менен белгилүү. Аргентина курама командасынын курамында 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон. Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири деп эсептелген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: