Menu

Кыргызстанда дагы 423 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 6 бейтап көз жумду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 423 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 130, Ош шаарынан – 16, Чүй облусунан – 102, Ош облусунан – 35, Талас облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 33, Жалал-Абад облусунан – 50, Баткен облусунан – 29, Нарын облусунан – 11 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 71 971 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 461 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 63 407ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 128, Ош шаарынан – 26, Чүй облусунан – 78, Ош облусунан – 53, Ысык-Көл облусунан – 29, Жалал-Абад облусунан – 61, Баткен облусунан – 53, Нарын облусунан – 8, Талас облусунан – 25.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 адам: Бишкек шаарынан – 3, Нарын облусунан -1, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1. Жалпы саны 1262ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: