Эртең, 29-ноябрда Бишкекте “Референдумга жол жок” аталышындагы тынчтык маршы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактарда кабарлашууда.
Алардын айтымында, тынчтык маршы саат 12:00дө Темир жол вокзалынын жанында башталат.
“Негизги көйгөйлөрдөн: коррупция, коронавирус жана кылмыштуулуктан алагды болууну токтотуу керек. Бизге референдумдун кереги жок, бизге жоопкерчиликтүү өкмөт керек” – деп жазышат “Баштан Башта” кыймылынын активисттери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ