Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Контрабандага каршы күрөшүүнүн негизги милдети – товарларды эсепке алуунун бирдиктүү маалымат тутумун түзүү

Бөлүшүү:

Товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктуна барганда билдиргенин бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Акыркы жылдары контрабандага каршы күрөшүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Эсепке алынбаган продукт таза иштеген ишкерлерге чоң көйгөйлөрдү жаратат. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат.  Тагыраак айтканда, тегиз эсепке алуу боюнча бирдиктүү тутуму түзүлүшү керек. Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортерлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз», – деп белгиледи Артем Новиков.

Көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, Өкмөт башчы айрым кызматтардын ишине нааразылыгын билдирди.

«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча
конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт.
Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучунун тапшырмасы боюнча коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Артем Новиков өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: