Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Фермерлер үчүн шарттарды түзүп, кант кызылчасынын айдоо аянтын кеңейтүү зарыл

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кайыңды-Кант» кант заводуна барып, өндүрүштүк аянттар жана сырьену андан ары иштетүү үчүн кабыл алуу процесси менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, Өкмөт атамекендик кайра иштетүүчүлөргө жардам берип келген жана ал ишти улантат.

«Өз кезегинде кайра иштетүүчүлөр да дыйкандар өстүрүлгөн продукциясын пайдалуу баада сатып, күтүлгөн пайда табуусуна кам көрүшү керек. Түшүм жыйноо учурунда кызылчанын баасын төмөндөтүүгө жол берилбеши кажет. Жалаң гана Өкмөт эмес, кайра иштетүүчүлөр да сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан фермерлер жана дыйкандар тууралуу ойлошу керек. Биз мындан ары карай дагы сиздердин ишмердүүлүккө толук колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдөбүз. Алсак, кол коюлган буйрукка ылайык, темир жол тарифтеринин коюуму 2016-жылдын деңгээлинде орнотулуп, 20% өлчөмдө кошумчаланган», – деди ал.
Артем Новиков белгилегендей, Өкмөт кант кызылчасы тармагындагы баанын түзүлүшү маселесин көзөмөлгө алат, мында бардык баскычтарда сырьего жана жыйынтык товарга карата негиздүү жана акыйкат баалар орнотулушу керек.

Келерки жылы фермерлер жана ишканалар ортосундагы кант кызылчасын сатып алуу келишими боюнча накталай акча менен төлөө үлүшүн жогорулатуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле заводдор тарабынан аларга жогорулатылган коэффициент менен 100% даяр продукция (кумшекер) аркылуу кайтарып берүү альтернативдик келишими сунушталат. Бүгүнкү күндө келишим боюнча бөлүштүрүү 7228 түзөт, анын 28% – бул накталай акча.

Премьер-министрдин м.а. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуштарды даярдап, киргизүүнү тапшырды.

Маалымдама: Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 4 000 тоннаны түзөт, ал жылына 450 000 тонна кызылчаны кайра иштетип, 65 000 тонна кантты өндүрөт.
Кызылчаны кабыл алуу жана сактоо үчүн тийиштүү өндүрүш инфраструктурасы бар, сырье 8 кабыл алуу пунктунда кабылданат. Заводдун жалпы өндүрүштүк аянты 138,5 га түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: