Жол кыймылынын коопсуздугун одоно бузган той кортеждеринин дагы бир авто унаасы милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
“Интернет социалдык тармактарда алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып алган жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган той кортеждеринин 3 авто унаасы буга чейин кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, калгандарына издөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгын кабарлаганбыз.
Бүгүн да той кортеждеринин бир унаасы кармалып, Кыргыз республикасынын бузуулар кодексинин 124- берененин негизинде протокол толтурулду”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ