Menu

Равшан Жээнбеков: “Конституция артка эмес, алдыга жылсын…”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, президенттикке аттанып жатасыз. Президенттикке аттангандардын 30 миңден кем эмес кол чогултуусу бюрократиябы?

– Учурда борбордук шайлоо комиссиясы болбогон инструкциялык жол менен президенттик шайлоого катышып жаткандарга башаламандыктарды, тоскоолдуктарды жаратууда. Алардын биринчиси – кол топтоо. Азыр 10-15 күндүн ичинде 30 миңден 60 миңге чейин кол топтошубуз керек. Экинчиси – кол топтоо 30 жыл мурдагы бюрократиялык жол менен кагаз түрүндө телефон номерин, паспортунун номерин жазылышын талап кылат. Үчүнчүсү – бланк өзү туура эмес даярдалган. Жазууга мүмкүн эмес, “жазыш керек” деген нерсенин баары батпайт. Ошондой эле талапкерлер салык инспекциясына барып, ишкерлер сыяктуу каттоодон өтүшүбүз керек экен. Биз 15 күнгө шайлоого баратып, шайлоо менен алектенбестен, салык менен алектенишке туура келип жатат. БШК мына ушуга окшогон башаламандыктарды жеңилдетиштин ордуна, талапкерлерди бюрократиялык жол менен кыйынчылыктарга туш кылып жатышат. Азыр дүйнөдө жаңы технологиялар пайда болгон. Кол менен жазып, БШКга тапшыра турган маселелерди телефондун тиркемелери аркылуу кыла турган мезгилге эбак эле жетип калсак да, кол топтоого аргасыз болуудабыз.

– Эмне үчүн коомдо “Батыштын саясатын колдогон саясатчылар Конституцияга каршы чыгып жатат” деген пикир калыптанып калды?

– Бүгүнкү күндө эки көз караш талаш болуп жатат: 1) күчтүү президенттик бийликти колдогон көз караш, 2) демократиялык парламенттик башкарууну колдогон көз караштар атаандашууда. Негизи көз караштардын тиреши туура. Анткени, биз канчалаган идеялардын кагылышын, атаандашууну жарата турган болсок, биздин өлкө үчүн ошончолук жакшы болуп эсептелет. Эң негизгиси, жекеге өтпөшүбүз керек. Бийликте отургандар башка көз караштагыларды басмырлап, коркутуп, камап, кылмыш ишин козгогондон алыс болушу керек. Ал эми биз канчалык көз караштарыбызды талашып, атаандаша турган болсок, коом үчүн да, мамлекет үчүн да, келечек үчүн да пайдалуу. Мен “Батышты колдогон саясатчылар президенттик башкарууга каршы чыгып жатат” деген ойлон алысмын. Анткени, ар бир саясатчынын топтогон тажрыйбасы, көз карашы бар. Конституцияга кайсы саясатчылар каршы чыгып жатса, алардын көз каршы, позициясы аларга дал келбейт. Ошондуктан, биз ошол көз карашты сыйлашыбыз керек. Бирок, “президенттик бийлик орнотобуз” деген адамдардын дагы айтканга укугу бар. Идеяларды, талаш-тартыштарды социалдык тармактар, телевидение аркылуу жүргүзсөк, талаштан тактык жаралат. Бирок, азыркы Конституцияны колдобой каршы чыгып жаткандарды “Батыштын саясатчылары” деп доомат койгон туура эмес. Анткени, парламенттик башкарууда жашаган, ийгиликке жеткен, элине жакшы шарт түзгөн мамлекеттер көп. Ошондуктан, көптөгөн саясатчылар парламенттик башкарууну колдоп, президенттик башкарууга каршы чыгышууда.

– Эл арасында “жоопкерчилиги жок системадан качып, бийликти бир колго топтосок гана абалдан чыгабыз” деген пикир калыптанды. Конституцияга каршы чыккандар “президенттин аткаруу бийлигин кошо колго алганы – эбегейсиз бийликке ээ болгону” деп сындап жатасыздар. Мүмкүн, чын эле бийликти бир колго берсек, тезирээк өнүгүүгө шарт түзүлөттүр?..

– Биздин коомчулукта чынында эле “бийликти бир колго берүү – азыркы оор абалдан алып чыгууга шарт түзүлөт” деген абал түзүлүп калды. Менимче, бул туура эмес көз караш. Анткени, бийликтин баарын бир адамга бере турган болсок, бийлик ошончолук көзөмөлсүз калат. Бийлик ошончолук чектен чыгып, каалаганын жасай бере турган шарт түзүлөт. Мамлекеттеги бийликти бир адамдын колу менен башкаруу туура эмес экенин тарых азыркы күндө дагы далилдеди. Биз тескерисинче, бийликти бир адамга берүүдөн коркушубуз керек. Биз бийликти массалык маалымат каражаттар, жарандык коом, саясатчылар жана өзгөчө бийликке оппозиция болгон тараптар сөзсүз түрдө көзөмөлдөп турушубуз керек. Президентти, премьер-министрди канчалык көзөмөлдөй турган болсок, коом ошончолук ачык, эффективдүү болот. Мыйзамдын чегинде иштөөсүн талап кыла турган болсок, өлкөдө ошончолук өнүгүү, өсүү, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук болмок. Эгерде биз бардык эле бийликти бир адамга өткөрүп берип койсок, анда жаңылыштыкка жол берип коёбуз.

– Кыргызстан өнүгүү үчүн сөзсүз Конституцияны өзгөртүш керекпи?

– Мен дагы “Конституцияны өзгөртүшүбүз керек” деп ойлогондордун катарындамын. Бирок, Конституцияны артка эмес, прогресс, илим, өнүгүү тарабына өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Тилекке каршы, азыр жаңы сунуш кылынган Конституциянын көпчүлүк беренелери бизди алдыга эмес, артка тарта турган долбоор болуп калыптыр. Мен саясатчы катары ал долбоорду колдогон жокмун. Эгерде азыркы жаңы Конституция прогресске багыт алып, адам укуктары, демократия, сөз эркиндиги, тынч митингдер жана саясый оппозициянын укуктарын бекем карай турган болсо, дүйнөлүк цивилизацияга кошо турган Конституция болмок. Ошондой талаптарга жооп бербегенинен улам, азыркы Конституциянын жаңы долбоорун көпчүлүк саясатчылар, жарандык коом, эл аралык уюмдар колдоодон баш тартып жатышат. Бирок, азыр болбосо да келечекте Конституцияны өзгөртүүгө мажбур болобуз. Анткени, азыркы Конституция жараксыз, кемчиликтери көп. Биз Конституцияны шашпастан, көп катмарларды камтыган конституциялык кеңешме түзүп, ал жакка оппозицияны, бийликти, жарандык коомду, көрүнүктүү эксперттерди киргизип, ачык-айкын талкуулап, ар кандай варианттарды карап чыгып, анан өзгөртүшүбүз керек. Азыркы шашылыш өзгөрткөн Конституция баары бир ийгиликке алып келе албайт. Улутубузду бириктире албайт. Прогресске багыт алалбайт.

– Эгерде парламенттик башкаруу эле мамлекетти саздан чыгарып кете турган болсо, эмне үчүн парламенттик башкарууну Текебаев сактап калууга жан үрөбөй, тескерисинче, Атамбаевдин укуктарын мыйзам менен күчөтүп берген?

– Мен “парламенттик башкаруу эле бизди саздан сүйрөп чыгат” деп айтпайт элем. Парламенттик башкаруунун дагы кемчиликтери бар. Ал дагы бизди өнүгүүгө алып келе албай калышы мүмкүн. Бирок, ошентсе да салыштырмалуу түрдө президенттик башкарууга караганда парламенттик башкаруу бир топ дурус, адилеттүү. Ар кандай адамдардын укугун сактап, өнүгүүгө алып келе ала турган мамлекеттик башкаруу болуп эсептелет. Дүйнөдөгү президенттик мамлекеттер менен парламенттик мамлекеттерди салыштырсак, парламенттик мамлекеттер жакшы өнүккөн. Бир топ адилеттүү. Эли да алдаканча жакшы жашайт. Алардын медицинасы, экономикасы президенттик башкаруудагы мамлекеттерге караганда мыкты. Ошондуктан, мен саясатчы катары парламенттик башкарууну колдойм.
Айтып жатканыңыз туура. Көптөгөн саясатчылар акыркы он жылда кээде өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, парламенттик башкарууну өнүктүрбөстөн, тескерисинче, парламенттик башкарууну мурдагы президенттер менен жок кылганга аракет кылышты. Бул чындык. Ар кандай жолдор менен президенттин бийлигин бекемдөөгө аракет кылып, мыйзамдарды кабыл алып берген мезгилдер болду. Бирок, кайсы бир саясатчы, кайсы бир депутат мурдагыдай президенттерге кызмат кылып, президенттин бийлигин бекемдеп берүүгө аракет кылса да, ар бир саясатчы өзүнүн көз карашын, позициясын бекемдеп, парламенттик башкарууну кааласак, анда парламенттик башкарууну улантканга, өнүктүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Бизде тилекке каршы, эч качан парламенттик башкаруу болгон эмес. “Парламенттик башкаруу болуп жатат” деп президенттин тегерегиндеги саясатчылар, депутаттар элдин башын айландырып келишкен. Парламенттик башкарууну орнотобуз десек, анда бир нерсени так жасашыбыз керек: парламенттик башкарууда президенттин ролу жокко эсе болот! Президент укук коргоо органдарына, экономикага кийлигишпейт. Кээде гана мамлекетте парламент, премьер-министр жок болуп калып, коалиция түзүлбөй кала турган болсо, президент ошол убакта убактылуу абалды жөнгө салуу үчүн саясатка кийлигишет дагы, эки-үч айдын ичинде саясатты стабилдештирип, анан баштагыдай эле эч нерсеге кийлигишпей калат. Мына ушундай убакта гана “парламенттик башкарууга өттүк” деп айта алабыз.

– Сиз Атамбаевди сатпаганыңыз үчүн камалдыңызбы, же Атамбаев менен бириккениңиз үчүн айыпталдыңызбы?

– Мени мыйзамсыз жана адилетсиз камоо менен Сооронбай Жээнбеков жана анын укук коргоо органдары эки максатка жетүүгө аракет кылышкан. Биринчиси, “кимде-ким Сооронбай Жээнбековдун чоң душманы мурдагы президент Атамбаев менен мамиле кылса, алардын баарына Равшан Жээнбековго окшогон мамиле жасалат. Баардыгыңар түрмөгө отурасыңар” деген сигналды коомго, саясатчыларга бергенге аракет кылган. Экинчиси, “кимде-ким оппозициялык маанайдагы уюмдарды түзгүсү келсе, Сооронбай Жээнбековдун кланына, анын укук коргоо органдарына каршы чыкса, баардыгыңарды Равшан Жээнбековдой абал күтүп турат” деген сигналды бергиси келишкен. Авторитардык бийликтер ар дайым укук коргоо органдарына, адилетсиздикке жана жеке бийлигине таянат. Президенттик башкаруу болсо, президенттер дайыма ушундай жолдор менен иштешет. Өкүнүчтүүсү, ушундай адилетсиз, мыйзамсыз жол аларды акырында бийлигин жоготууга, элге жек көрүндү болууга түрткү болот дагы, мезгили келгенде баардыгы бийлигинен куулуп кетишет. Сооронбай Жээнбековдун тагдыры дал ошондой болду. Элге жек көрүндү болуп, мөөнөтүнөн мурун куулуп, бийлигин тапшырып кетишке мажбур болду.

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: