Бүгүн, 28-ноябрда Аксы районунун борбору Кербен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышып, 6-октябрдагы митингде адам өлтүрүү фактысы боюнча камалган Кутман Шадыбековду камактан бошотууну талап кылышты.
Митингичилердин айтымында Кутман Шадыбеков адам өлтүрүүгө катышкан эмес. Ал мушташкан жарандарды ажыратып гана жүргөн. Ошондой эле митингичилер Кутман Шадыбековго каршы тергөөдө көрсөтмө берген 3 жаранды да камоону талап кылышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, 6-октябрда Бишкектеги Ак үйдү басып алуу окуясынан кийин Аксылыктар да райондук акимиатты басып алып, акимди алмаштыруу аракетин жасашкан. Митингичилер “Биримдик” партиясынын депутаттыкка талапкери Каныбек Туманбаевге нааразы болушуп, анын таасири астында дайындалган акимди кетирүүнү көздөшкөн. Акимдин жана Каныбек Туманбаевдин тарапташтары менен алардын каршылаштарынын ортосунда кагылышуу чыгып, Каныбек Туманбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири өлтүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ