Жалал-Абад шаарына 570 орундуу мектеп жана бала бакча салынат. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев баштаган жергиликтүү эл өкүлдөрү “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Саид Баюми менен жолугушкан.
“Буга чейин тараптардын ортосунда шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу тууралуу сөз жүргөн. Аталган кайрымдуулук борбор жаңы мектеп, бала бакча, социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга турак-жай, мечит куруп, үй-бүлөлүк дарыгелер тобуна жаңы имарат тургузмай болду.
Жергиликтүү бийлик социалдык имараттардын курулуусу үчүн шаардан жер бөлүп берүүнү колго алып, жаңы курулуштардын долбоору даярдалууда”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ