Menu

Азимбек Бекназаров: “Талкууга чыгарылган долбоордун авторлору курултайчылар эмес”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, талкууга түшүп, катачылыгы көп деп сындалып жаткан Конституцияны курултайчылар жазганбы?

– Талкууга чыгарылган долбоордун авторлору курултайчылар эмес. Мисалы, мен курултайчы катары, курултай институту бир гана президенттин алдындагы консультативдик уюмга айланышына каршымын. Курултай институту бир дагы мамлекеттик бийлик бутактарына кирбеген өз алдынча иш жүргүзгөн, биринчи кезекте президенттин өзүнүн ишмердигине жыл сайын баа берүүчү, башка мамлекеттик, коомдук өзгөчө маанилүү маселелерди талкуулоочу элдик аянтча. Батышчылардын митинги менен пикетинен айырмасы – ата-бабалардан калган салт, адат боюнча курултайга бардык региондордон, чет элде жүрүшкөн мекендештерибизден шайланып келген делегаттар катышып, тынчтык, боордоштук, бир элдик маанай менен көйгөйлүү маселелер ачык талкууланып, тийиштүү мамлекеттик бийликке кабыл алынган чечими милдеттүү каралуучу, дагы баса белгилейм, милдеттүү аткарылуучу эмес, милдеттүү каралуучу (!) сунуш катары жиберилет. Курултай институту эл менен бийликти жакындатат. Долбоордо “бир гана президент чакырат” кыязында жазылып, түшүнбөөчүлүк болуп жатат.

– Бул Конституция супер президенттик башкарууга ыкталганбы?

– Конституциянын долбоору 80 депутаттын аты менен чыкканы жана чийки, дүмбүлдүгү менен оппоненттерге асмандан издегени жерден табылгандай болду. Азыр Конституциянын долбоору эмес, “келечектин жолу, анын ичинде башкаруунун түрү, шайлоо системасы, курултай институту, эң башкысы, азыркы аракеттеги Конституциянын жаңыланышын колдойсуңбу?” деген гана жөнөкөй суроолор бийликтин бирден-бир ээсинен суралып, анан ошого жараша Конституция жазсак болмок.

– Неге талкууга түшкөн Конституцияга каршы чыккандар көп болуп, жөө жүрүштөр, митингдер уюшулуп жатат?

– Каршы чыккандар – азыркы партиялык-мафиялык башаламан башкаруу системасынан кынык тапкандар, акчасын берип коюп депутат болушуп, бирок эч бир иш кылбай, эч нерсеге жооп бербей байыгандар. Алар долбоорго эмес, “шайлоо партиялык тизме менен өтпөй калабы?” деп чочулагандар. “Курултай институту кирип, элге отчёт берип калабызбы?” деп корккондор. Үчүнчүдөн, азыркы анархиялык башкаруу системасын колдогондор! Алардын артында Батыштын бир катар уюмдары турат.

– Эмне үчүн курултай институту ишке кирсе, ал сиздер айтып жүргөндөй, баарынан отчёт алган институт эмес, “президентке кошомат кылгандардын уюгуна айланат” деген чочулоо көбүрөөк айтылып жатат?

– Долбоордо ошондой туура эмес жазылып, негиз берилип калды. Ошондой эле жаңыланууну каалабагандар үчүн шылтоо. Курултай институту азыркы Конституцияда да бар. Анын мыйзамын 10 жылдан бери кабыл албай, парламент каршы болуп келген. Алар азыр дагы каршы болуп жатат.

– Баса, бул Конституцияга батышчыл көз караштагы саясатчылар гана каршы чыгып жатабы, же Садыр Жапаров курултайчыларга басым коюп, мурунку президенттердин жолун жолдоп, Конституцияны алмаштыруунун айласын көрүп жатабы?

– Экөө тең бар. Курултай институту боюнча Садыр Жапаровдун оюн мүмкүн долбоордун авторлору долбоорго туура эмес жазып коюшу мүмкүн. Муну оңдосо болот. Бирок, батышчыл көз караштагы саясатчылар буга ачыктан-ачык жалпы каршы чыгышты. Демек, курултай институтун да эгемендиктин ээси болгон эл чечиш керек, референдумга коюлушу керек. Мен ишенем, 70-80 пайыз эл колдойт. Бишкекте жашаган “киргиздер” менен Батыштан каржыланган партия, уюмдар аны чечпейт.

– Айрымдар “Конституция алмашканы менен жашоо өзгөрбөйт” деген пикирлерин айта башташты го? Жаңы Конституция жакшы жашоого багыт алдырбайбы?

– Ар бир адам өз жашоосунда жандүйнөсүнө революция жасап, өзү өзгөртүүсү керек. Пайгамбарыбыз да айткан, “оболу инсан өзү өзгөрүлмөйүнчө, Алла Таала аны өзгөртпөйт” деп. Тилекке каршы, бийликке нааразы болуп революцияга чыккан элибиз, өзүнүн жандүйнөсүн өзгөртүү революциясын кылбай жатпайбы?! Ошол жандүйнө революциясын жасай турган мезгил келди! Садыр Жапаров элге референдумга жаңы Конституциянын долбоорун эмес, ошол элибиз түшүнгөндөй төрт эле суроону коюшу керек:
1. Азыркы аракеттеги Конституциянын жаңыланышын колдойсузбу?
2. Башкаруунун кайсы түрүн колдойсуз?
3. Депутаттар түз, тике конкреттүү региондун өкүлү болушун каалайсызбы же партиянын өкүлү болушун каалайсызбы?
4. Президенттен тартып айыл өкмөт башчысына чейин жыл сайын аткарган иши боюнча элдик курултайларда отчёт беришин каалайсызбы?
Мына ушул төрт суроого акчага сатылбай, терең ойлонуп жооп берген адам өз келечегине өзү жооп берген болот.

– Неге бул Конституция Бакиевдин заманын эске салат? Көпчүлүк муну “Бакиевдин жетпей калган максатын ишке ашыруу үчүн жазылды” деп жатышат го? Эгер курултайчылар жазганы чын болсо, Бакиевдерге ыктап жазышканбы?

– Бакиевдин мезгилинде конституциялык реформа боюнча 2005-2007-жылдары катуу саясый күрөш жүргөн. Бакиев “башкаруунун үч түрү боюнча долбоор жазгыла, элге салам” деп 2006-жылы мени баш кылып жумушчу топ да түзгөн. Парламентте болсо оппозиция бир Конституция (ноябрь), бийлик дагы бир Конституция (декабрь) алдырганга жетишкен. Анан Бакиев тар чөйрөдө азыркыдай эч кимге белгисиз адамдарга долбоор даярдатып, аны 2007-жылдын аягында референдум аркылуу кабыл алдырып алган. Ошон үчүн Жапаровдун оппоненттери аны “Бакиевчил” деп сындап жатышат. Бирок ошол сынчылар деле Акаевдин акыркы 2003-жылкы Конституциясын тар чөйрөдө даярдап, кабыл алдырышкан. Ал үчүн «эмгек сиңирген юрист» наамын алышкан. Ал эми Жапаровдун белгисиз, тар чөйрөдө Конституциянын долбоорун даярдатып, “референдумга чыгарам” дегени – Акаевдик, Бакиевдик, Убактылуу өкмөттүк, Атамбаевдик жол! “Сен жаңы жолду танда!” деп мен деле сындадым. Анткени, Конституция – ким бийликке келген президенттердики же алардын менчиги эмес! Конституция – жалпы элдики, аны менен жалпы эл жашайт, мамлекет иштейт. Ал эми президент – убактылуу келип кете турган кызмат. Тилекке каршы, ар бир президент Конституцияны өзүнүкү кылганы үчүн өздөрү кеткенде Конституциясы да “кетип” жатпайбы…

– Текебаевдин мандаты Конституцияга каршы чыкканы үчүн алындыбы, же ич ара кармаш күч алдыбы?

– Негизи, партиялык тизме боюнча кезек улам кийинкиге берилет. Кайра башынан берилбейт. Текебаев экинчи жолу мандат алганда, “кезек экинчи ирет жетиптирби?” деп таңгалып, “партиялык-мафиялык өлкөлөрдө боло береби?” деп жооп бергем…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: