Menu

Айбар Султангазиев: “Алты миң адам ВИЧке кабылмак”

Бөлүшүү:

Республикалык СПИД борборунун маалыматына таянсак, 1996-жылдан бери Кыргызстанда 10173 адам айыкпас дарт менен катталган. Алардын 64 пайызын эркектер, 36 пайызын аялдар түзөт. Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиевге кайрылдык.

– Бир жылдан бери “COVID-19” деп атып, көп ооруларды эстен чыгардык. СПИД боюнча учурда Кыргызстанда абал кандай?

– ВИЧ боюнча жыл сайын 600-700 жаңы адамдар катталат. СПИД борборунун статистикасына таянсак, 10 миңден ашык адам бар. Мурунку жылдарда жалаң баңгизат пайдаланган адамдар көп катталчу. Акыркы 3-4 жылдан бери 70%ы жыныстык жол менен жугуп жатат. Биздин миграцияда жүргөндөр, бул жакта оору жугузганын билбегендер бири-бирине жайылтышат. Адамдар дартка чалдыкканын билбей жүрүп ооруканага барганда, аялдар кош бойлуулук боюнча каттоого турганда гана дарт бар экени билинет. Болбосо, симптомдору жок, ага чейин билинбейт.
Биздин мамлекет башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы иш алып барууда. Биздин аракетибиз менен бирге СПИД менен күрөшүү үчүн жакшы каражат бөлүнүп жатат. Жылына дары алууга 63 млн. сом бөлүнөт. Учурда 4 миңден ашык адам дарыланууда. Ошонун жарымын мамлекет камсыздаса, жарымын глобалдык фонддон үч жылдык келишим менен грант алабыз. Улуттук СПИД борборунун жана биздин аракетибиз менен дарыларды арзан алып жатабыз. Бир айлык курс 7 доллар турат. Башка мамлекеттерде бул дарылар он эсе, жүз эсе кымбат. Дүйнө жүзү боюнча бул эң жакшы дарылар.

– Мындай дарылануу кандай жыйынтык берүүдө, же өлүмдөр да көп кездешүүдөбү?

– Убагында дары ичип, дарыланып турса, өлүм болбойт. Убагында дарыланбай, кайрылбай койсо, ошолордун арасында сөзсүз өлүм болот. Бир чети эпидемия акырындап өсүп жатканы байкалууда. Бирок СПИД борборунун, дарыгерлердин аракети болбосо, илдет он эсе көп өсмөк. 600 адамдын ордуна жыл сайын алты миң адамдан чыкмак. Дарылануу, профилактикалык программанын көмөгү чоң болууда.

Ачылбай калган байчечекейлер

Ош облусунда көптөгөн бейкүнөө бөбөктөр ВИЧке чалдыкканы тууралуу маалыматыбыз бар. 1200дөн ашууун адам ВИЧке чалдыккан болсо, анын ичинен 400гө жакынын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдардын өздөрүнө дарты айтыла баштаганы интернет булактарына жарыяланды. Анткени оору жуккан балдардын алды бой жетип барат. Алардын үй-бүлө күтүп, жубай тандоосу ар бир энени ойго салып келет. Дарыгерлер турмуш куруу маселеси пайда болгондон бери бул илдеттин жайылуусун азайтуу үчүн ВИЧ илдеттүү жаштарды тагдырлаш адамдарга баш кошууга чакырып жатышат. Ушу тапта ВИЧке кабылган 23 жаштагы жигит жогорку окуу жайды аяктап, үйлөнөйүн деп, бирок өзүнө тагдырлаш кызды жолуктура албай кыйналууда. Анткени мындай адамдар тагдырлашына жолукса, бири-бирин кемсинтпей, туура түшүнүп, үй-бүлөсү бекемирээк болот го деген үмүт бар. А канчасы жалгыздыкта ачылбай калган байчечекейлердей күңүрт жашоодо күн кечиришет…

ВИЧке кабылуу бир адамдын эмес, бир үй-бүлөгө, жакын адамдарына да бүлүк салат. Ар бир күнү дары менен жашоо, коомдон кысынып жашоо азабы бар.
Жакынкы жылдары бир үй-бүлөдө болгон кайгылуу окуяны окуганым бар. Анда эне байкуш ал окуяны төмөндөгүдөй эскерет.

“Улуу кызымдын сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси келип, кызыма сөйкө салып кетишкен болчу. Бир күнү “кызың да ВИЧ менен оорушу мүмкүн” деп кызымды текшертпестен салган сөйкөсүн чечип кетишти. Ансыз деле жалгыз бой, азаптуу турмушта жашаган мага кудалардын бул кадамы өтө эле оор тийди. Бир баламдын азаптуу тагдыры экинчи балама таасир этип жатканына ызаланып, жанымды коёрго жер таппай келем. Уулум менен сүйлөшүп отуруп калганда, ал чоңойгондо аскер кызматкери болгусу келерин айтат. Бейкапар баламдын мындай чоң максаттары аткарылбай каларын эстегенде, куйкаланып, дагы канча күндүк өмүрү калганын ойлоп санаа тартам…” дейт. Энеге мындан өткөн кайгы барбы? Азап барбы? Кыздын эртеңи, уулдун эртеңи туман…
Тирүүлүккө, жарык дүйнөгө эмнеге келдик? Ушундай азапты тартуугабы? Алдын алуу, сактануу, билимдүү болуу, акыл калчап иш жасоо көп нерседен сактайт. Сак бололу!

СПИД оорусунун жугуу жолдору кайсылар?

ВИЧ – бул адамдын иммунодефицит вирусу. Ал адамга кан аркылуу баңгизаттарды колдонууда, жыныстык катнашта жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле дартка чалдыккан энеден балага гана жугушу мүмкүн. Учурда ВИЧ инфекциясына жаш өспүрүмдөр көп чалдыгууда.

Оорунун негизги белгилери?

Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоого болот. Ал үчүн алгач атайын борборго барып, кан тапшыруу керектелет. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер аркылуу билүүгө мүмкүн эмес. Алгач адамга жукканда айлап, жылдап да белгисин билдирбей жүрө берүүсү мүмкүн. Бирок, вирус жуккандан кийин ал түрдүү ооруларга жол ачат. Мисалы, тез-тез сасык тумоого чалдыгып, же ар кандай оорулар менен ооруй берсе, анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп коюшу шарт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: