“Cыймык Жапыкеев (Финполициянын төрагасы – ред.) Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн 2009-жылдагы декларацияларын алып, аны алардын 2019-жылдагы декларациясына салыштырып, текшериш керек. Ошондой эле алардын туугандары менен досторунун декларацияларын да текшериш зарыл. Банк эсептериндеги, карталарындагы акча жүгүртүүнү жана банк кутучаларынын ачылыштарын дыкат иликтөө керек”, – деп жазды “Чоң казат” партиясынын лидери Турат Акимов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Эгерде алардын байлыктарынын өсүшү чоң болгонун көрө турган болсок, анда аларды соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине алуу маселесин көтөрүүгө кез келди. Ал эми тергөө иштери жүрүп жаткан учурда алардын бардык байлык-мүлктөрү камакка алынышы керек.
Кайсы гана бийлик болбосун жоопкерчиликсиз болбошу керек – 10 жылдан кийин деле алар кылмыштары үчүн жооп бериши зарыл. Ушундай жол менен гана бийлик жоопкерчиликтүү болуп, эл акылсыз эмес, акылдуу болот,” – деп жазган Апрель окуяларынын катышуучусу Турат Акимов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ