Оорруканада дарыланып жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 29-ноябрда Facebook социалдык тармагы аркылуу билдирүү таратты.
“Урматтуу Кыргыз калкым! Эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын.
Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм кыргыз элимдики, эми мындан да катуураак иштеймин, үлгүрүш керек…” – деп жазган Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага түшкөн. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын абалы канааттандырарлык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ