Menu

Казакстанда бир суткада 826 кишиден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Казакстанда бир суткада 826 кишиден COVID-19 аныкталып, дагы 164 адамга «коронавирустук пневмония» диагнозу коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн сутка ичинде он бейтап каза болду. Алардын үчөөнө «пневмония», калганына COVID-19диагнозу коюлган.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавирус инфекциясына кабылган 12 651 киши дарыланып жатса, алардын 3 392си гана стационарларда.

Жекшемби күнү жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 130 865 кишиге жетти. Бул статистикага COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан адамдар кошулган жок. Аларга 1-августтан тартып «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп, өзүнчө эсептеле баштаган. Андан бери өлкөдө мындай 42 104 учур катталып, 443 киши көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: