Бүгүн, 30-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 380 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 137, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 79, Ош облусунан – 18, Талас облусунан – 19, Ысык-Көл облусунан – 38, Жалал-Абад облусунан – 48, Баткен облусунан – 27, Нарын облусунан – 10 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 72 807 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 360 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 64 149га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 84, Ош шаарынан – 24, Чүй облусунан – 59, Ош облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 49, Жалал-Абад облусунан – 53, Баткен облусунан – 60, Нарын облусунан – 1, Талас облусунан – 17.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1, Талас облусунан – 2. Жалпы саны 1271ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ