Женго каймана аты менен таанымал кримавторитет Кадыр Досонов издөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Бул иш-чаралардын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Кадыр Досоновдун жеке менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар экени аныкталды.
“2020-жылдын 28-ноябрында, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда К.Досоновго оор кылмыш жасаган деген шек коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу түрүндө (сыртынан) баш коргоо чарасын тандап, издөө жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ