Menu

УКМК: Райым Матраимовдун иши боюнча тергөө уланууда. Бажы кызматынын башка кызматкерлеринин да коррупциялык схемага катыштыгы бар экендиги аныкталды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Өндүрүштүн алкагында, коррупциялык схемага Бажы кызматынын башка дагы кызматкерлеринин тиешеси бар экени аныкталды.

Ошол эле учурда, аталган башкармалыкта коррупцияга аралашкан айрым бажы кызматкерлеринин аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш боюнча иштер улантылууда.

Тергөө мурунку жана учурдагы кызматкерлердин өзүнчө тобу тарабынан акчалай компенсацияны тутумдуу алгандыгын көрсөткөн далилдерди алууну улантууда.

“Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар тарабынан келтирилген зыян жана анын ордун толтуруу тууралуу кеңири маалымат берилет” – деп УКМК убада кылды.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: