Токмокто уюлдук телефондорду уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин Токмок шаарыннын ИИБнө 52 жаштагы Б.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган, ал арызында белгисиз жагдайда сумкасынан уюлдук телефонун уурдатып алгандыгын билдирген, жана андан тышкары Токмок шаарынын тургуну Д.К. атту жаран дагы арызы менен кайрылган, ал токтоп турган “Мерседес-Бенц” унаасынын салонунан уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган.
Бул фактылар Токмок шаарынын ИИБнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Токмок ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан, аталган кылмыштарга тиешеси бар деп, 32 жаштагы Ч.А. деген аттуу жаранды кармашкан, ал Чүй облусунун тургуну болуп чыккан.
Кармалган адам Токмок ШИИБнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ