Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылып жатканы менен байланыштырган.
“Мен саясий ачкачылыкты баштайм, ал кургак болот, сууда ичпейм, акыр-аягына чейин биз ушундай методдор менен күрөшөбүз”, – деп айткан Асанов.
Андан кийин белгисиз адамдар Бектур Асановдун борбордогу ашканалардын биринен анын тамактанып жатканын тартып алган. Ачкачылык жарыялаган Бектур Асановдун тамагы дагы сиңбей калса керек. Дегенибиз анын көчөдөн кусуп жатканын дагы тасмага тартып алышкан.
Ал эми кечээ, 29-ноябрда Бектур Асанов түз эфирлердин биринде ачкачылыкты токтотконун жар салган. Ал саясаттагы досторунун өтүнүчү менен бул чечимди кабыл алганын айткан.
https://fb.watch/24m6_bnRHf/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ