Menu

Ош шаардык кеңешинин депутаты шаардагы китепканаларды жоюну сунуштады

Бөлүшүү:

Ош шаардык кеңешинин депутаты шаардагы китепканаларды жоюну сунуштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров жана журналист Мимоза Жаныбек кызы Фейсбуктагы баракчаларына жазып чыгышты.

Азамат Абсаттаров бүгүн, 30-ноябрда, бул маселе Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун катышуусунда шаардык кеңештин жыйынында каралып жаткандыгын билдирди.

Депутаттын китепканаларды жабуу сунушу боюнча Ош шаарынын мэри каршы болуп, китепканаларга шарт түзүү керек деп жооп берген.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов депутаттын шаардагы китепканаларды жоюу боюнча демилгесине каршы пикирин билдирип, китепканаларга кайрадан шарт түзүү керектигин айтты. Бул маселе Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 30-ноябрда өтүп жаткан сессияда айтылды. “Китепканалардын санын көбөйтүш керек, шарт түзүшүбүз керек”, – деди мэр. Сессияда шаардык мэрия 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчет берүүдө“, – деп билдирүү жазган Абсаттаров.

Журналист Мимоза Жаныбек кызы белгилегендей, мындай сунушту депутат Абдисаит Каримбеков киргизди. Анын пикиринде, бул бюджетти үнөмдөөгө жардам берет, ал эми китепканаларды электрондук форматка өткөрүү керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: