Бүгүн, 30-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына чогулушту.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурумун 50дөн ашуун адам күтүп жатышат. Буга чейинки эки сот процесси судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылган.
Чогулгандардын арасында депутат Ирина Карамушкина, Атамбаевдин балдары – Сейид Атамбаев жана Алия Шагиева бар.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу өкүмү чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ