Menu

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-ноябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына болжол менен саат 09:30 чамасында Понфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен 2000-жылы туулган Д. Д. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүу катары “Лексус-GS300” үлгүсүндөгү авто унаанын М.С. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: