Menu

Ташкенттин мэри $11.5 млн. бааланган жер тилкесин президенттин күйөө баласына байланышы бар компанияга бекер берди

Бөлүшүү:

Ташкенттин Юнусабад районунда ондогон жылдардан бери соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенип келген 100гө жакын ишкер калаа башчысы Жахонгир Артыкхожаевдин чечими боюнча сотко арыз менен кайрылды.

Шаар мэри былтыр 31-декабрда ишкерлердин бизнеси жайгашкан алты гектар аянтты жеке инвесторго берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечим боюнча 84 фирманын жетекчиси буга чейин мамлекеттик органдарга, анын ичинде Монополияга каршы комитет менен президент Шавкат Мирзиёевге кайрылышкан. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес.

2-декабрда сотто шаар борборундагы алты гектар жер тилкесин URBAN DEVELOPERS жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) берүүнүн мыйзамдуулугу каралат. Маалыматтарга караганда, жер аянты «президент менен премьер-министрдин оозеки тапшырмасы менен» берилсе, ЖЧК өзү андан бир ай мурда гана түзүлгөн.

Каттоо документине ылайык, URBAN DEVELOPERS компаниясынын акцияларынын 3% Халимов Шерзодго, калган 97% ODORATUS BUSINESS LLP деген «чет өлкөлүк компанияга» таандык. 2015-жылы ноябрда Улуу Британияда түзүлгөн бул компаниянын чыныгы ээси ким экени белгисиз. Башкаруучу катары Белизде жайгашкан B2B CONSULTANTS LIMITED компаниясы көрсөтүлгөн.

Биргелешкен ишкана катары көрсөтүлгөн URBAN DEVELOPERS ЖЧКсынын түзүүчүсү деп эсептелген Шерзод Халимов буга чейин да мэрдин чечими менен Ташкенттеги кымбат баалуу жер тилкелеринин бирин алган. Баш калаадагы Гафур Гулям атындагы паркты 49 жылга колдонууга алган сингапурдук BMP Smart Decision Private Limited компаниясынын каттоо документтеринде анын ээси катары Халимов көрсөтүлгөн.

Ар ортодо минималдуу баасы 11,5 миллион долларды түзгөн жер тилкесин бекер алган URBAN DEVELOPERS ЖЧКсынын президент Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновго байланышы бар экени аныкталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: