Menu

Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имамы памирлик кыргыздарга акчалай жана кийим-кече тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен алыскы Ооганстандын Памиринен Кыргызстанга көчүп келген үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Камилжан ажынын айтымында, жергиликтүү атын атагысы келбеген жаран кайрымдуулук жардамын көрсөтүүгө кол сунган.

«Бишкек казыятынын имамдардын «WhatsApp» тобуна памирлик кыргыздарга жардам берүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал сунушту жамаатка айтканыбызда бир добуштан колдоого алышты. Алар менен биргеликте Кара-Балта шаарында жашаган этникалык бир туугандарыбыз жашаган жерги зыярат кылып, колдон келген жардамыбызды берип, жакшы сөздөрдү айтып келдик. Алар биздин бир боорлор. Башкаларга дагы жардам берүүгө чакыра кетем»,-деди Камилжан ажы.

Кайрымдуулук жардамында бир мүшөк жылуу кийим-кече жана 5000 сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.  

“Эскерте кетсек, Бишкек шаардык казыяты КРнын өкмөтүнүн алдындагы Миграция кызматы менен тыгыз иш алып барып келет. 2016-жылы Памир кыргыздарына гуманитардык жардамды жерине жеткирип келген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: