Menu

Видео – Жогорку сот Батукаевдин иши боюнча Алмаз Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку сотто криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча сот отуруму өттү.

Кыргызстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын Алмазбек Атамбаевге, Индира Жолдубаевага, Калыбек Качкыналиевге жана Абдухалим Раимжановго карата чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жөнөттү.

Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди  кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп таап, 11,2 жылга эркинен ажыраткан. Экс-генпрокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылды. Ал бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп койгондуктан, сот залынан бошотулган. Ал эми Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: