Menu

Ысык-Көлдөгү балдар лагери жеке адамга мыйзамсыз сатылып кеткен

Бөлүшүү:

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында “Бригантина” балдар лагери жеке адамга мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Ысык-Көл облустук комитети 2001-жылы балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунда жети сотик жерде жайгашкан клубду сатып алуу-сатуу келишимин түзгөндүгү көрсөтүлгөн. Мыйзамсыз сатуу райондук прокуратурасы тарабынан аныкталды.

«Текшерүү учурунда анын базар баасы 5 миллион 100 миң сом экени белгилүү болду. Ысык-Көл райондук прокуратурасы аталган объектини мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча сотко кайрылган. Көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчү канааттандырылды. Факт КЖБРге “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча катталган” деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: