Menu

Массалык баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталган Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагы 2021-жылдын 6-февралына чейин узартылды.

«Сотто мен Курсан Асанов борбордон сырткары жакка чыгышы керектигин айттым. Бирок сот мындай ыйгарым укуктарга Ички иштер министрлиги ээ экендигин айтты. Ал эми министрлик жоопкерчиликти сотко өткөрүп жатат», – деди Чынара Жакупбекова.

Эске салсак, Курсан Асанов эки кылмыш иши: – Кой-Таш айылындагы окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, ошондой эле парламенттик шайлоодон кийинки окуяларда массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: