Menu

Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгүн Садык Шер-Нияз жогорулатты

Бөлүшүү:
10-январда өтө турган президенттик шайлоого катышабыз деп алгач 65 талапкер арыз берген, эки апта ичинде жыйырмадай адам жарыштан чыгып калды. Президент болом дегендердин арасында режиссёр Садык Шер-Нияз дагы болгон, ал маданият тармагындагы көптөгөн аракети менен таанымал, мисалга, Лос-Анжелес шаарында өтчү Эл аралык азиялык кинофестивалды түптөгөн.
Октябрь айында Шер-Нияз өз эрки менен депутаттыктан баш тартып, ордун Өмүрбек Текебаевге бошотуп берген, анткени Текебаевдин кайрадан депутат болууга жазган арызына ага чейин БШК – Жогорку кеңеште бош орун жок деп жооп берген. Борборшайлоокомдун бул чечимин кийин сот мыйзамсыз деп тапты, бирок апелляция да болуш керек. Анткен менен, кандай болгондо да, Шер-Нияздын бул кадамы мактоого татырлык.
Эми Шер-Нияз – кечээ күнү Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин президенттик жарыштан чыга турганын билдирди. Жолукканда экөө өлкөдөгү саясий кырдаалдан тартып маданият менен билим берүү маселелерине чейин талкуулаган. Шер-Нияздын айтымында, маданият, илим жана билимге Жапаров мындан ары такай көңүл буруп, олуттуу мамиле кылууга убада берди.
«Чыгармачыл топтор менен айына жолугуп турууга убадасын берди, чыгармачыл кишилер менен. Аны дагы тактап алдык – таза, максимум болуп кеткенде 60 календарлык күндөн калбай жолугуп турам деген убадасын берди. Ал киши – бул нерсе өзүнүн оюнда дагы бар экенин айтты. Бул жагынан дагы, менин оюмча, бул механизмдер жетиштүү, маданиятты көтөрүп чыга ала турган деген ойго келдим», – дейт Садык Шер-Нияз кечээ күнкү жолугушуу тууралуу.
Ким эмне десе дагы же кандай аргумент келтирсе да, президенттик шайлоодо Жапаров утуп чыгаарынан күмөн санагандар аз. Конституциялык кеңешме дагы президенттик башкаруу камтылган конституция долбоорун жазып чыгаары турган иш, анткени Жапаров менен анын тарапташтары ошону каалайт. Шер-Нияз дагы туура адамга кайрылган, анткени мурдагы бийлик анын айткандарына көңүл бурчу эмес.
«Бул кандай мамлекет өнүгүш болот, каякка барабыз анда? Анда жанагы президенттер канча жолу болгон, анда жанагы парламент, 2-3 миң киши, анда өкмөт башчылары олчойгон, эмне кереги бар, эгер биз мамлекеттин өзөгү болгон тилибизге, маданиятыбызга көңүл бура албай калсак? Руханий инсандарга көңүл бура албасак? Алардын чекесин сылай албасак, аларга жакшы сөз айта албасак? Аларга өлөк-жөлөк болуп бербесек? Анда бул кандай мамлекет?» – деген Садык Шер-Нияз Жогорку кеңеште 2019-жылдын 25-апрелинде.
Депутаттыгы учурунда Шер-Нияз маданият жана маданият адамдары үчүн такай күрөшүп келген, кечээ күнү болсо – мындан ары мамлекеттик кызматка барбастан, убактысын чыгармачылыкка арнай турганын айтты. 2010-жылы Шер-Нияз маданият министри да болгон, 2019-жылдын 25-апрелинде ал Жогорку кеңеште түтөп сүйлөгөнү – өкмөт башчынын көп барактуу отчётунда маданиятка 6 сап сөз гана арналганы себеп болгон.
«Өсөм деген мамлекет маданияттан баштайт. Өсөм деген мамлекет руханий инсандардан баштайт. Өсөм деген мамлекет асыл сөздү бийик коёт биринчи. Ошондо мамлекет өсөт, ошондо мамлекет күчүнө кирет. Ошондой мамлекетте уурулук болбойт, андай жерде өкмөттүн арасында туруп, замминистр болуп туруп коррупцияга барбайт андай мамлекет», – деп айткан Садык Шер-Нияз мындан бир жарым жыл мурда.
Садыр Жапаров менен жолукканда Шер-Нияз сот реформасы, парламентаризм маселелери, киргизилип жаткан курултай институту да талкууланганын билдирди. Курултай менен байланыштуу Шер-Нияз – саясий иштерден четтеп калган аксакалдарга көңүл бурууну сунуштаган. Көпчүлүк маселелер боюнча тил табышуу болгон, айрымдар боюнча, мисалга, парламентаризм тууралуу, тараптар ар ким өз турумунда калган.
«Эгерде ошол чакырышып, сиздин көңүлүңүзгө төп келе турган ойлорду бөлүшүп, ошого кээ бир, көптөгөн позицияларыңызга макул боло турган болсо, андай нерсени аттап кетүүнү мен өзүм текебердик деп түшүнөм. Адам болгондон кийин… сүйлөшүүлөргө барып, кошулуш керек… Садыр Жапаровго мен минтип айттым – биз, чыгармачыл кишилер, өзүбүз эркин болобуз, өзүбүздүн оюбузду айтабыз, биз сизге жасакердик, кошомат сөз айтпайбыз», – деди бүгүн Садык Шер-Нияз.
Бирок эң негизигиси – кечээ күнкү жолугушуу жана бүгүнкү чегинүүсү менен режиссёр – Садыр Жапаровдун коомдогу легитимдүүлүгүн жогорулатты. Кеп ошондо.
https://www.youtube.com/watch?v=4cWOGQrNgEM
Нарын Айып

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: