Menu

$2 миң пара алып жаткан жеринен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакованын иши Ленин райондук сотунда каралууда

Бөлүшүү:

Пара менен кармалган Бишкек шаарынын Биринчи май районунун судьясы Максат Орозбакованын иши Ленин райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу райондук соттун канцеляриясынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Орозбаковага байланыштуу иш 2020-жылы август айында өткөрүлүп берилген, ал Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бир нече жолу маңызы боюнча каралган.

Кийинки сот отуруму 2020-жылдын 17-декабрында саат 10:00гө дайындалды. Процесс ачык түрдө өтөт.

Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозобекова жарандык ишти оңунан чечип берүү үчүн 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: