Menu

Турсунбек Жумабеков башка талапкердин пайдасына президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-декабрда Турсунбек Жумабеков  маалымат жыйында эмне үчүн президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын түшүндүрдү.

Жумабеков 24-ноябрда БШКга 2021-жылдын 10-январына белгиленген кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди кайтарып алуу жөнүндө арыз менен кайрылгандыгын билдирди.

“Мен өзүмдүн талапкерлигимди Абдил Сегизбаевдин пайдасына алып салдым, анткени экөөбүздүн программабызда окшоштуктар дал келет”, – деди ал.

Ошондой эле, Турсунбек Жумабеков Сегизбаевди колдой тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Кечээ, 30-ноябрда дагы Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровду колдоорун билдирип, өз талапкерлигин алып салам деп жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: