Бүгүн, 1-декабрда Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Орнотуу иштерин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө.
Буга чейин балатынын оту 10-декабрда жандандырылат деп айтылган. Ошондой эле, былтыркы колдонулган оюнчуктар балатыга илинет.
Ал эми 26-ноябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы жылга карата Ала-Тоо аянтында концерт болбойт жана салют атылбайт экенин билдирген.
“Концертти өткөрүү үчүн 4 миллион сом керек экен. Ошондуктан биз мындан баш тартып жатабыз. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бул туура чечим деп эсептейм”, – деген ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ