Menu

ДССУ сентябрь айынан бери биринчи жолу COVID-19 менен ооругандардын саны азайгандыгын аныктады

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) сентябрь айынан бери биринчи жолу COVID-19 менен ооругандардын саны азайгандыгын аныктады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адан Гебреисус маалымат жыйынында билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Анын айтымында, бул акыркы жумаларда Европада көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында болду. Ошол эле учурда, ДСУнун башчысы сергектигин жоготпоого үндөдү.

“Жетишкендиктер оңой менен жоголуп кетиши мүмкүн жана дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө оору жана өлүм учурлары көбөйүүдө”, – деп кошумчалады ал.

Ал айрыкча майрамдар жана каникулдар жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, жайбаракат боло турган убак эмес экендигин эскертип, мүмкүн болсо, саякаттан баш тартып, Жаңы жылды жана башка майрамдарды тар чөйрөдө белгилөөгө чакырды.

«Баарыбыз майрамдарда жакындарыбызга жакын болгубуз келет. Бирок үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен болууга умтулуу менен биз өзүбүзгө же аларга коркунуч туудурбашыбыз керек. Чечим кабыл алууда, биз бардыгыбыз бирөөгө коркунуч туудуруп жаткан жокпузбу деп ойлонушубуз керек », – деди ДСУнун башчысы.

Ал ачык асман алдында гана чогулуп, аралыкты сактоого, мүмкүн болсо саякаттоодон алыс болууга, эл көп чогулган соода борборлорунан алыс болууга, онлайн режиминде эң керектүү товарларга буйрутма берүүгө, беткап кийүүгө, дезинфекциялоочу каражаттарды көтөрүп жүрүүгө жана колду тез-тез жууп турууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: