Menu

Казакстанда саясий туткундардын тизмеси 8 кишиге толукталды

Бөлүшүү:

30-ноябрда казакстандык укук коргоочулар өлкөдө саясий себеп менен куугунтукталган туткундардын катары көбөйгөнүн кабарлашып, алардын жаңы тизмесин жарыялашты.

Тизмеге жаңы киргизилген активисттердин көбү Кылмыш кодексинин “Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу” беренеси боюнча абакта отурушат.

– Аскар Ажгужинов – Атырау шаарынын жарандык активисти. “Тыюу салынган уюмдун ишине аралашкан” деген шек менен октябрдын аягында кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал маркум Дулат Агадилдин үй-бүлөсүнө көмөк көрсөткөнү, коомдук маанилүү маселелерди такуулоого катышканы үчүн бир нече жолу куугунтукталган.

– Уласбек Ахметов – алматылык жарандык активист. 24-октябрда камалган. Ал дагы Агадилдин кичи мекенинде өткөн “мыйзамсыз жүрүшкө катышты” деп айтыпталып, административдик жазага тартылган.

– Муратбай Баймагамбетов (Кызылорда) – жол кире акысы жана бензиндин баасын төмөндөтүү, саясий туткундарды бошотуу талабы менен чыкканы үчүн убактылуу тергөө абагында эки айга камалган.

– Багдат Бактыбаев (Жамбыл облусу) – бийлик карантин маалында калк үчүн шарт түзүп бербей жатканын айтып, соцтармактар аркылуу билдирүү жасаганы үчүн “өзгөчө абал режимин бузду” деген айып менен 10 суткага камалган.

– Марат Дүйсенбиев (Түркстан облусу) – Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы уюштурган митингге катышууга чакырык жасаганы үчүн камакта.

– Аскар Нурмаганов (Караганды шаары) – укук коргоочулардын маалыматына караганда, 25-августтан бери камакта. Коомдук ишмердүүлүгү үчүн бир нече жолу жоопкерчиликке тартылган.

– Ноян Рахимжанов (Алматы шаары) – “Тыюу салынган уюмдун ишине аралашты” жана “Экстремисттик топтун ишине аралашты” деген шек менен тергөө изоляторунда отурат. Жарандык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталган.

– Шухрат Кибиров (Алматы шаары) – 2017-жылы ноябрда алты жыл сегиз айга эркинен ажыратылган. Ал соцтармактардагы арабча ыры үчүн “диний кастыкты козутуу”, “терорризимди пропагандалоого” айыпталган.

Тизме 1-декабрь – Казакстандын биринчи президентинин күнүнүн алдында жаңыртылды. Биринчи жолу бул тизмени жергиликтүү укук коргоочулар 2013-жылы 31-майда түзүшкөн. Анда болгону алты кишинин ысымы аталган. Кийинчерээк тизмеге ондогон фамилиялар кошулган. Жаңы жарыяланган тизмеде алардын катарын дагы сезиз адам толуктады.

Казакстан бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин мойнуна албай келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: