Menu

#CancelElbasy. Алматыда он метрлик баннер илинди

Бөлүшүү:

1-декабрда Алматыда #qazaqkoktemi жана #cancelelbasy деген хэштегдер менен «Ысымын калтырууга 47 млрд. теңге» деген чоң баннер пайда болду. Ал Назарбаев атындагы проспектке илинген.

Бул акциянын уюштуруучулары ким экени белгисиз. Бирок баннер тууралуу оппозициялык Rukh2k19 тобу «Инстаграм» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.

«2019-жылы мартта казак өкмөтү элдин пикири менен эсептешпестен эле баш калаанын жана ири көчөлөрдүн аталыштарын өзгөрткөнүн унуткан жокпуз. Түрдүү маалыматтар боюнча Назарбаевдин ысымын түбөлүккө калтыруу аракети үчүн 47,3 миллиард теңгеден ашык каражат корогон. Бүгүн Назарбаев менен анын айланасындагы адамдар бул күндү майрам катары бегилеп жатканда, аны тааныбаган жарандар бир кишиге сыйынууну токтотуу жөнүндө ойлонуп жатышат. Казакстандын Конституциясында бийликтин жалгыз булагы эл деп жазылган. Биз ар бир казакстандыктын мамлекеттик иштерди башкарууга мүмкүнчүлүгү болуп, тандоо жана сөз эркиндигибиз сакталышы керек деп эсептейбиз. Мындан тышкары биз өлкө мыйзамдарынын алдында баары бирдей экенин белгилеп, «Улут лидери тууралуу» мыйзам жокко чыгарылышын каалайбыз», — деп жазылган qazaqkoktemi «анонимдүү тобунун» билдирүүсүндө.

1-декабрда белгилене турган Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнүн алдында Instagram колдонуучулары #cancelelbasy хэштеги менен билдирүүлөрдү чыгара башташкан. Алардын биринде шаарда «Эл башынан чириди» деген дагы бир баннер илингени жөнүндө жазылса, колдонуучулардын бири өлкөдөгү бардык окуу жайларда ачык сабактар өтүп жатканын билдирген.

«Мага да презентация жасап, Назарбаевдин жетишкендиктери жөнүндө айтып берүү боюнча тапшырма беришти. Бирок мен аны аткарбайм, бул үчүн сөгүш жарыяланып, жазаланарымды да билем. Бул кайрадан эле абсурд», — деп жазган ал.

Авторитардык башкаруу стили, саясий оппоненттерин куугунтуктаганы жана адам укуктарын бузганы үчүн эл аралык коомчулук сындап келген Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн баш калаасына, борбордогу аэропортко, университеттерге, мектептерге, облус борборлорундагы башкы көчөлөргө, сейил бактарына, спорттук жайларга жана Иле Ала-Тоосундагы чокулардын бирине берилген. Мындан тышкары бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаада Назарбаевдин эстеликтери орнотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: