22-ноябрда Улуттук хирургия борбору ашказандагы чачтарды алуу операциясын жасады. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы бейтап 18-ноябрда ооруканага кайрылган. Анын айтымында, ашказаны ооруп, тамактангандан кийин кусуп, арыктап кеткен. Ошондой эле, акыркы 3 айдан бери бул ашказан оорусу аны кыйнап келген.
Текшерүүдөн жана операциядан кийин, көп жылдар бою бейтаптын ашказанында безоар пайда болгондугу белгилүү болду: тыгыз жалтыраган чачтардан турган бөтөн дене.
Кармалган дененин көлөмү 15 × 9 см, ал эми салмагы бир килограммды түзгөн.
Бул оору 33 жаштагы бейтаптын чачын жутуп алган жаман адаты болгонунан улам келип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ