Menu

Америка Кошмо Штаттары ВИЧ/СПИД эпидемиясын токтотууга багытталган КР менен өнөктөштүктүгүнүн он жылдыгын белгилейт

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штаттары ВИЧ менен жашаган жана ага чалдыккан адамдарга колдоо көрсөтүү жана СПИДден каза болгондорду эскерүү максатында Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

АКШ өкмөтүнүн Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган темасы “ВИЧ/СПИД эпидемиясын токтотуу: туруктуулук жана таасир”. Бул тема АКШ өкмөтүнүн ВИЧ/СПИД эпидемиясын глобалдык деңгээлде токтотууга, ошондой эле ден-соолукка байланыштуу башка көйгөйлөрдү чечүү үчүн жамааттардын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын потенциалын жана туруктуулугун күчөтүүгө болгон күчтүү милдеттенмесин чагылдырат.

Бул жылы АКШ өкмөтүнүн ВИЧ/СПИД эпидемиясына каршы аракет көрүү боюнча Кыргыз Республикасы менен кызматташтыгынын онунчу жылы. Ушул мезгил аралыгында АКШ Президентинин СПИДден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча өзгөчө планы (PEPFAR) Кыргыз Республикасына ВИЧ эпидемиясын көзөмөлдөө жана токтотуу максатында салым жасаган. Бул ресурстар саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүнү күчөтүп, ВИЧ инфекциясын алдын алуу, андан коргонуу жана дарылоо боюнча жергиликтүү коомдук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйттү. Акыры, бул өнөктөштүк ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жардам көрсөтүү менен алардын өмүрүн сактап калат.

USAIDдин PEPFAR долбоору жамааттын деңгээлинде кызмат көрсөтүүгө инвестицияларды камтыйт, анын ичинде ВИЧ/СПИДге каршы дары-дармектерди коомчулукка таркатуу жана өзүн-өзү текшерүүчү каражаттарды колдонуу сыяктуу инновациялык ыкмаларды сыноо, ошондой эле адамдар өзүлөрүнүн ВИЧ статусун коопсуз жана купуя менен аныктай алышат – ошондой эле жамааттар арасында терең тамыр жайган опузалоого кабылгандарды коргоо жана ишенимге ээ болгон жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын кызмат көрсөтүүсүнүн ролун жогорулатууга багытталган иштер жана акыры, өмүрдү сактап калуучу дары-дармектерди жакшы бөлүштүрүү үчүн фармацевтикалык жеткирүү тармагын чыңдоого багытталган аракеттер.

“PEPFAR тарабынан даярдалган ар бир саламаттыкты сактоо адиси, биз курган лаборатория жана биз өнөктөш болгон жергиликтүү уюм ВИЧ менен гана эмес, учурдагы жана келечектеги ден-соолук көйгөйлөрүнө да туруштук бере алат”, – дейт Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун ВИЧ СПИД Борбор Азия программасынын директору Патрик Надол. CDC СПИДге, наркологиялык борборлорго жана алардын лабораторияларына, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна ВИЧке каршы жардам жана дарылоо кызматтарынын, анын ичинде лабораториялык кызматтардын, баңги затын сайган адамдар үчүн дары дармектин жардамы менен ВИЧке байкоо жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн техникалык жардам жана ишке ашыруу боюнча колдоо көрсөтүп келет. Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүндө АКШнын элчилиги бул алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу жана эпидемиялык көзөмөлгө алуу багытында Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча милдеттенмесин жаңыртат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: