Menu

Видео – Жергиликтүү тургун: “Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арасынан өтүп, тосмолорду орнотуп жатышат”

Бөлүшүү:

Өзбек чек арачылары чек ара тосмолорун орнотуп жатышат. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Күнболот Момоконов өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Ал жергиликтүү тургундар жөнөткөн видеотасманы жарыялаган.

Бүтпөс чек ара чыры. Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат дейт жашоочулар. Бийлик тараптан кандай реакция болуп жатат?

Жакында жардам беришти эле же жаагыбыз жап болобу? Жакырлыгыбыз күн санап күчөп, итке сөөк ыргыткандай жардам беришип, бирок минтип билгизбей жерибизден керте берсе эмнебиз калат?

Ойлонолу, жакырлык акыры жардам алуудан дагы жалтак кыла турган болду. А биз кайдагы саясат, бийлик талашмай менен алекпиз. Азыр биз 30 жылда ойлонулбаган ойду, кылбаган ынтымакты, жасабаган реформаны кылып, ачылбаган коррупцияны ача турган учур болчу.

Мекен үчүн эмес, бийлик үчүн арыбызды, алыбызды карабаган, кадрды эмес кадырыбызды караган эл экенибизди көргөзүп жатабыз. Пиарщиктер менен жулунган “иттердин” эле заманы болуп калыптыр“, – деп билдирүү жазды Күнболот Момоконов.

Видеотасманын автору Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арасынан өтүп, тосмолорду орнотуп жатышканын айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: