Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, Казакстан Республикасынын Туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Биринчи президентинин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлгөн масштабдуу реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталып, Казакстанга жаркын келечектин жолун ачты.

Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан достук мамилелер ынак коңшулуктун, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизинде мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: