Menu

Анжиянда кызынын өлүмү үчүн компенсация талап кылган аял өзүнө өрт койду

Бөлүшүү:

Анжиянда кызынын өлүмү үчүн жоопкерден компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган аял облустук прокуратуранын алдында өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ошол маалда абалга көз салып турган милиция кызматкерлери аялдын күйүп жаткан кийимдерин чечип, өрттү өчүрүүгө жетишкен. «Бирок ага карабастан анын бети, колдору жана моюну күйүп, ооруканага жеткирилди. Бул иш боюнча Анжиян шаардык прокуратурасы тергөө иштерин баштады», — деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл июлда 21 жаштагы жергиликтүү тургун жигитин күтүп турган өспүрүм кызды сүрөткө тартып алып, аны ата-энесине жана инспекторго көрсөтөм деп опузалаган. Коркуп кеткен кыз үйүнө барып асынып алган.

Бул факты боюнча «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, маркум кыздын апасы 30-ноябрда Анжиян облустук прокуратурасына барып, кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан адам компенсация төлөп бере электигине даттанган. Бирок бул маселе менен тергөө органдары алектенбестигин уккандан кийин өзүн өрттөй турганын айтып сыртка чыгып кеткен. Көп өтпөй прокуратуранын автоунаа токтотуу жайында үстүнө бензин чачып, өрт коюп жиберген.

Бул факты боюнча текшерүү жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: