Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Социалдык маанидеги азык-түлүктүн минималдуу баада калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү

Бөлүшүү:

Социалдык маанидеги азык-түлүктүн минималдуу баада калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кечээ, 1-декабрда Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Социалдык маанидеги товарлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетиши Бишкектин көпчүлүк жашоочуларына күтүүсүз болду. Азыр биздин алдыбызда негизги милдет турат – азык-түлүк инфляциясын турукташтыруу.

Бул үчүн дыйкандарды, даяр продукция өндүрүүчүлөрдү жана ири импортерлорду тартуу менен бир жуманын ичинде борбордун ар бир районунда айыл чарба жарманкесин уюштуруу маселесин чечүүнү тапшырам. Өз кезегинде дыйкандар жана ишкерлер товарларын жарманкелерде дүң баада, үстөксүз сатууга даяр. Ири соода борборлору дагы өз аймагынан жарманке уюштурууга орун бөлүп берүүгө даяр экендигин билдиришти», – деп белгиледи Артем Новиков.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев муниципалитеттин жарманкелерди уюштурууга даярдыгы, ага 200гө жакын өндүрүүчүлөр катышуу ниетин билдиргени жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министрдин м.а. Бишкек шаарында экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгына көңүл бурду.

«Өкмөттүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча кошумча ыйгарым укуктар берилди. Бүгүнтөн баштап борбор калаада кинотеатрлар, фуд-корттор жана компьютердик клубдар иштей баштады. Туруп калган бизнестин кайрадан ишинин жанданышы жакшы. Бирок кырдаалды көзөмөлдөп туруш керек. Айрыкча жаңы жыл майрамдарынын жана шайлоонун алдында. Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө жол бербөө керек», – деп Премьер-министрдин м.а. сөзүн жыйынтыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө экологиялык кырдаал жана экономикалык абалды жакшыртуу боюнча чаралар, Бишкек шаарынын бардык инфраструктуралык объектилеринин күз-кыш мезгилинде борбор калаанын калкын жана чарбалык субъектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга даярдыгы, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: